Кытайдын Мамлекеттик кеңеши, Министрлер кабинети жакында эле 19-августту Кытай дарыгерлеринин күнү деп белгилөөнү бекитти. Бул үчүн Улуттук саламаттыкты сактоо жана үй-бүлөнү пландаштыруу комиссиясы жана тиешелүү ведомстволор жооптуу болушат, ал эми биринчи жолу Кытай дарыгерлеринин күнү келерки жылы белгиленет.

Кытайда дарыгерлер күнү - бул Улуттук медайымдар күнүнөн, Мугалимдер күнүнөн жана Журналисттер күнүнөн кийинки төртүнчү мыйзамдуу кесиптик майрам, бул дарыгерлердин адамдардын ден соолугун коргоодогу маанисин белгилейт.

Кытайлык дарыгерлер күнү 19-августта белгиленет, анткени жаңы кылымдагы биринчи Улуттук гигиена жана ден соолук конференциясы 2016-жылдын 19-августунда Пекинде өткөн. Бул конференция Кытайдын саламаттыкты сактоо ишиндеги маанилүү окуя болду.

Конференцияда төрага Си Цзиньпин партиянын жана өлкөнүн жалпы ишиндеги гигиена жана саламаттыкты сактоо иштеринин маанилүү ордун тактап, жаңы доордогу өлкөнүн гигиена жана саламаттыкты сактоо иштери боюнча көрсөтмөлөрдү берди.

Дарыгерлер күнүн белгилөө коомчулуктун көз алдында дарыгерлердин кадыр-баркын көтөрүүгө өбөлгө түзөт жана дарыгерлер менен бейтаптардын ортосундагы гармониялуу мамилелерди өнүктүрүүгө жардам берет.


Жарыяланган убактысы: 2022-жылдын 19-августу